Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдрахманов: ар бир университеттин өзүнүн өзгөчүлүгү бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваРектор КГУ И. Арабаева Толобек Абдрахманов
Ректор КГУ И. Арабаева Толобек Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдрахманов аталган окуу жайдын негизги багыты мугалимдерди даярдап чыгаруу экенин айтты.
Абдрахманов: ар бир университеттин өзүнүн өзгөчүлүгү бар

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 90 пайыз айыл жергесиндеги мектептерде иштей турган мугалимдерди даярдайт. Бул тууралуу Төлөбек Абдрахманов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жайда мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнөн баштап докторантурага чейинки баскычтар бар.

"Ар бир университеттин өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Биздин окуу жайдын негизги багыты жана максаты — өлкөнү окутуучулар менен камсыз кылуу. Бизде 90 пайыз алыскы аймакта иштей турган мугалимдер даярдалат. Ошондой эле студенттердин көбү айылдан келет. Университетибизде билим берүүнүн бардык баскычтары бар. Мектепте кайсы сабактар өтүлө турган болсо, алардын баарын окутабыз. Мектепке чейинки билим берүүдөн баштап докторантурага чейинки баскычтарда студенттер билим ала алышат", — деди ректор.

Ал ошондой эле Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети мындан төрт жыл мурда орус тайпаларды ачкан болсо, эми 2019-2020-окуу жылынан баштап англис тилдүү группалар ачыла турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0