Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сартова: мамыры гүлүнүн дарылык касиетин изилдеш керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваСестра писателя-фантаста Беганаса Сартова Сабида Сартова
Сестра писателя-фантаста Беганаса Сартова Сабида Сартова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фантаст жазуучу Беганас Сартовдун карындашы Сабида Сартова агасынын "Мамыры гүлдөгөн маалда" чыгармасындагы аталган гүлдүн сырлары тууралуу айтып берди.
Сартова: мамыры гүлүнүн дарылык касиетин изилдеш керек

Мамыры гүлүнүн түрлөрү көп болот. Талаада жайылып өскөнү бар, аскалуу тоолордо сейрек кездешкен түрү да болот. Мына ушул бийик тоолорду багындырган түрү дарылык касиетке ээ экенин ата-бабалар да айтып келишкен. Бул тууралуу Сабида Сартова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде жазуучу жана акын Беганас Сартовдун өмүр жолу менен чыгармачылыгы тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамыры гүлү чыгармада залалдуу шишик оорусуна даба деп берилет.

"Беганас Сартовдун "Мамыры гүлдөгөн маалда" повести фантастикалык чыгарма. Ошентсе да анда бир топ изилдөөгө алынуучу жагдайлар бар. Алсак, ошол эле мамыры гүлү. Байыртадан ата-бабалар бул гүлдүн бийик аска-зоолордо өскөнүн дартка миңдин бири деп келишкен. Чыгармада да ал гүлдү башка планетадан келип, дарылык үчүн алып кетип жүрүшкөнү жазылат. Бул фантастикалык чыгарма болсо да, эдельвейстин дарылык касиети тууралуу бир топ маалыматтар бар. Андыктан бул гүл медициналык жактан иликтөөгө алынса жакшы болмок", — деди Сартова.

Ал аталган чыгармага кызыккан окурмандардын саны бүгүнкү күндө да арбын экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0