Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдырмашев: биздин максат шаардын борборун тыгындардан арылтуу

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамдиректора дирекции муниципальных парковок и стоянок Бишкека Кабыл Кыдырмашев
Замдиректора дирекции муниципальных парковок и стоянок Бишкека Кабыл Кыдырмашев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа токтотуучу жайлар жана унаа туруктары боюнча Бишкек муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы Кабыл Кыдырмашев калаанын жолдорундагы башаламандыкты кантип жоюуга болорун айтып берди. 
Кыдырмашев: биздин максат шаардын борборун тыгындардан арылтуу

Акы алына турган автоунаа токтотуучу жайларда паркоматтардын жана терминалдардын орнотулушу каралып жатат. Бул тууралуу Кабыл Кыдырмашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аукциондон түшкөн акчанын 15 пайызы ижарачыда калып, калган 85 пайызы ишканага түшөт.

"Шаар ичиндеги жол тыгындарын азайтуу максатында автоунаа токтотуучу жаңы жайлардын курулары пландалып жатат. Жайгаштыруу тизмеси түзүлүп, комиссия кабыл алгандан кийин аукцион өткөрүлөт. Анда белгиленген суммадан ашыкча акча сунуштаган ижарачы жеңишке ээ болот. Ал эми ижарачылар айдоочуларга толук шарттарды түзүп бериши абзел. Видеокөзөмөлдөрдү орнотуу, паркоматтарды жайгаштыруу, коопсуздукту сактоо, төлөм кабыл алуучу терминалдарды орнотуу алардын моюнуна жүктөлөт. Эгерде коюлган талаптар аткарылбаса, атайын мониторинг жүргүзүлөт", — деди Кыдырмашев.

Ошондой эле ал аталган аукционго каалоочулардын баардыгы катыша аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0