Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жусупбекова: эми мектептерге тил сынактары милдеттүү түрдө кирет

© Sputnik / Досхан НусупбековБилим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кийинки окуу жылынан баштап окуучуларга ЖРТнын жыйынтыгы менен бирге тил билүү сертификаттары ыйгарыларын айтты.
Жусупбекова: эми мектептерге тил сынактары милдеттүү түрдө кирет

Жаңы 2019-2020-окуу жылында мектептерге билим берүүнүн жаңы стандарттары киргизилет. Мындай пикирин Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы окуу жылында көптөгөн жакшы иштер жүргүзүлдү.

"Быйыл мектептер, жаңы форматтагы бала бакчалар салынды. Окуучулар менен мугалимдерге жаңы шарттар түзүлүп, республика боюнча мектептердин дээрлик 90 пайызы интернетке туташтырылды. Андан сырткары, мурда өтүлгөн сабактын көлөмүнө көңүл бурулса, жаңы билим берүү стандарттары боюнча ар бир предметтин компетенттүүлүгүнө басым жасалып жатат. Мындай жаңылануулар акырындык менен кирүүдө. Ошондой эле быйыл мамлекеттик сынак тапшырган окуучулардын айрымдары тил билүү деңгээлин да сынап көрүштү. Кийинки жылдан баштап бул бардык окуучуларга милдеттүү түрдө киргизилип, соңунда ЖРТнын жыйынтыгы менен биргеликте сертификат тапшырылат", — деди Жусупбекова.

Ал быйылкы окуу жылында ата-энелер менен мугалимдин ортосундагы байланышты жакындатуу максатында түзүлгөн "Ай билим" жана "Билим булагы" долбоорлору иштей баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0