Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныгулов: майрам күндөрү "Ала-Тоо" аянтынан 5-6 тонна таштанды чыгарылат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредставитель муниципального предприятия "Тазалык" Руслан Жаныгулов
Представитель муниципального предприятия Тазалык Руслан Жаныгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов борбордук аянтта чогултулган таштандынын басымдуу бөлүгүн желим баштык жана желим бөтөлкө түзөөрүн айтты.
Жаныгулов: майрам күндөрү "Ала-Тоо" аянтынан 5-6 тонна таштанды чыгарылат

Майрам күндөрү "Ала-Тоо" аянтына киши көп келгендиктен кеминде 5-6 тонна таштанды чыгарылат. Бул тууралуу Руслан Жаныгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда элдер таштандыны мурункудай чар-жайыт ыргытпастан, атайын челектерге сала баштаганы коомчулуктун маданияты өсүп жатканынан кабар берет.

"Биздин карамагыбызга "Ала-Тоо" аянтынан сырткары, Панфилов атындагы сейил бак менен Эмен багы кирет. Майрам күндөрү бул жайлардан 5-6 тоннага чейин таштанды чогултабыз. Негизинен биз көзөмөлдөгөн жерлерде таштанды челектери жетиштүү түрдө орнотулган. Бирок ар кандай иш-чаралар орун алып, адамдын саны көбөйгөн учурларда кошумча желим челектерди да чыгарып коебуз. Бул таштандынын чар жайыт ыргытылышын алдын алат", — деди Жаныгулов.

Ал ошондой эле "Ала-Тоо" аянтынын тазалыгын камсыздап, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин алып барууга күн сайын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 34 кызматкери тартылаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0