Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жакыпов: Кыргызстанда хоккей боюнча алты клуб, 22 команда бар

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-президент Федерации хоккея КР Мурат Жакыпов
Вице-президент Федерации хоккея КР Мурат Жакыпов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей федерациясынын биринчи вице-президенти Муратбек Жакыпов учурда аталган оюнга болгон кызыгуу калк арасында күн санап өсүп жатканын айтты.

Бүгүнкү күндө хоккей боюнча алты клуб жана 22 команда толук кандуу өлкө биринчиликтеринде ат салышып келет. Бул тууралуу Муратбек Жакыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Жакыпов: Кыргызстанда хоккей боюнча алты клуб, 22 команда бар

Анын айтымында, 2018-жылы хоккей оюнунда колдонула турчу 100 даана спорттук форма Кыргызстанга Эл аралык хоккей федерациясы тарабынан гуманитардык жардам катары берилген.

"Хоккей мурун чоң шаарларда гана өнүгүп келсе, азыркы тапта аймактарда да бул оюнга болгон кызыгуу арта баштады. Мындан улам Кыргызстандын Хоккей федерациясы аталган спорттун түрүн жайылтуу максатында жигердүү аракеттерди көрүп жатат. Былтыркы жылы Эл аралык хоккей федерациясы тарабынан оюнда колдонула турган 100 даана спорттук форма гуманитардык жардам катары келген. Аларды толугу менен өлкө аймагындагы хоккей командаларына бөлүштүрүп бердик. Спорттук кийимдер тийиштүү жабдыктары менен Бишкек шаарындагы командаларга, Нарын облусунун Ат-Башы жана Жумгал районундагы хоккейчилерге жана облустук спорт мектебине тапшырылды. Мындан сырткары, Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаары, Ак-Суу жана Түп райондорундагы командаларга да форма берилди. Ошондой эле хоккейди өнүктүрүү багытында муз аянтчалары да салынып жатат. Өткөн жылы Жумгал районунун Чаек айылында хоккей талаасы салынса, быйыл Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу жана Ак-Муз айылдарына курулуп жатат", — деди Жакыпов.

Ошондой эле ал 2020-жылдын март айында дүйнөлүк биринчиликтин 4-дивизионунун алкагындагы кезектеги мелдеши Бишкек шаарында өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0