22:27 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938

Тогузбаева: асыл тукум мал багуу экологияга да пайдалуу

Радио
Кыскача шилтеме алуу
109 0 0

Айыл чарба багытындагы эксперт Дария Тогузбаева асыл тукум мал багуунун сырларын айтып берди.

Тогузбаева: асыл тукум мал багуу экологияга да пайдалуу

Кыргызстанда асыл тукум мал багууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир фермер малдын тукумун асылдандыруу аркылуу киреше табууга умтулушу керек.

"Өлкөдө асыл тукум мал багуу үчүн эмнелерге көңүл буруу зарыл? Малдын мындай түрү менен киреше табуу канчалык негизде реалдуу? Мага мындай суроолор менен көп кайрылышат. Албетте, абасы, суусу , жайыты малга ыңгайлуу келген биздин өлкөдө асыл тукум мал багуу менен киреше табуу толук мүмкүн. Ар бир фермер буга умтулуусу зарыл. Ал тургай, асыл тукум мал багуу менен биз экологияны да сактап кала алабыз. Жайытты жөнөкөй 20 мал тебелегенге караганда, баасы кымбат, асыл тукум бир малдын оттогону жакшы эмеспи. Асыл тукум мал кармоого кызыккандар алгач колундагы жандыгын бир оторго чогуу бакканды токтотуусу керек. Мындай ыкма малдын жаңылануусуна тоскоолдук жаратат. Ошондой эле мамлекеттик же жеке менчик алдыңкы фермалардан асыл тукум малдын тукумун алып, көбөйтүү зарыл", — деди Тогузбаева.

Ал ошондой эле ар кандай кыйынчылыктарга карабай, асыл тукум мал багуунун өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан жаш ишкерлер учурда бар экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Тогузбаева: мал багууда санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл
Белгилер:
экология, мал, асыл тукум

ЭҢ МААНИЛҮҮ