Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Моношбекова: чуркоону сүйгөн шаар тургундарына шарт түзүп бериш керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваМаркетолог спортивного объединения Nomad Айгерим Моношбекова
Маркетолог спортивного объединения Nomad Айгерим Моношбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Nomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова Бишкектин тургундары кайсы жерде түз жол болсо ошол жерге барып чуркап жатканын айтты.
Моношбекова: чуркоону сүйгөн шаар тургундарына шарт түзүп бериш керек

Бишкек шаарында чуркайм деген жарандар үчүн жалгыз эле "Спартак" стадионунда шарт түзүлгөн. Мындай пикирин Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет чуркоо жаатына көңүл бурууга тийиш.

"Спорттун чуркоо түрү боюнча иш-чараларды уюштуруп келгендер өздөрүнүн арабасын өздөрү сүйрөп жатат. Аларга мамлекет колдоо көрсөтпөй эле. Мисалы, футбол жаатында бир катар иштер аткарылып, элдин кызыгуусу ойгоно баштады. Жеңил атлетикага да ошондой көңүл бөлүнүшү керек. Бизде спорттун аталган түрүнө кызыккан шаар тургундары үчүн жалгыз эле "Спартак" стадиону бар. Мисалы, Түркияда тротуарларда чуркагандарга атайын жол каралган. Ал эми биздикилер кайсы жерде тегиз жол болсо ошол жерде чуркап жатышат", — деди Моношбекова.

Ал 8-июнда Бишкекте түнкү марафон өтө турганын кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу түнкү жарыштын эл аралык медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0