Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Смайыл уулу: элибиз билимге инвестиция кылууга даяр экенин көрсөттү

© Sputnik / Асель АкматалиеваИнициатор акции "Бир адамдан бир китеп" Эрлан Смайыл уулу
Инициатор акции Бир адамдан бир китеп  Эрлан Смайыл уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир адамдан бир китеп" долбоорунун демилгечиси Эрлан Смайыл уулу аталган демилгени көтөрүп жатканда анын ишке ашышына ишенбегендер болгонун айтты.
Смайыл уулу: элибиз билимге инвестиция кылууга даяр экенин көрсөттү

Долбоорду жаш-карысы дебей бир ооздон колдоого алып, өздөрүнүн билимге инвестиция кылууга даяр экендигин өзгөчө дилгирлик менен көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу Эрлан Смайыл уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда китепканаларда жетишпеген жана коомчулук тарабынан талап күч болгон 300дөй китептин болжолдуу тизмеси бар. Каалоочулар ыктыярдуу түрдө ошол тизмедеги кетептерден алып беришсе болот.

"Бир адамдан бир китеп" долбоорун негизинен жаштар ишке ашырып келишет. Алардын көпчүлүгү 1-2-курстун студенттери. Басымдуу бөлүгү элет жергесинен келген жаш улан-кыздар. Бирок ага карабастан, активисттер өздөрүнүн айылына китепкана ачуу же бир китепкананы жаңыртуу аракетин колго алып жатышат. Демилгени көтөрүп жатканыбызда күмөн санагандар да болгон. Биз ага карабай ишибизди улантып жаттык. Жыйынтыгында коомчулук тараптан долбоор дароо колдоо таап, бизди аябай кубандырды. Анткени долбоордун катышуучулары өз айыл-кыштактарына барып "Бир адамдан бир китеп" акциясы жүрүп жаткандыгын түшүндүрүшкөндө, элеттиктер дароо билимге инвестиция кылууга даярдыгын көрсөтүп, бири акчалай көмөктөшсө, башкасы китеп берип жатты", — деди демилгечи.

Ошондой эле ал "Бир адамдан бир китеп" акциясынын алкагында бардык китептер кабыл алынарын жана алар атайын текшерүүдөн өтүп, тематикасы боюнча бөлүштүрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0