Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ибраев: былтыр Кумтөр кенинен 16,6 тонна алтын өндүрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев 2018-жылы өлкөдө алтындын өндүрүлүшү бийик көрсөткүчтөргө жеткендигин айтты.
Ибраев: былтыр Кумтөр кенинен 16,6 тонна алтын өндүрүлдү

Өткөн жылы Кумтөр кени 16 тонна 600 килограмм алтын өндүрдү. Бул тууралуу Карыбек Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыр жалпы Кыргызстан боюнча 20 тонна 400 килограмм алтын өндүрүлгөн.

"2018-жыл боюнча өкмөт отчет берип жатканда тоо-кен тармагына бир топ сын-пикирлер айтылды. Биз учурда кемчиликтерди жоюу үчүн иштеп жатабыз. Бирок жалпысынан алганда, былтыр алтын, көмүр, нефть казуу жаатында көрсөткүчтөр жакшы болду. Мисалга алсак, Кумтөр алтын кени эле 16 тоннадан ашуун алтын казды. Ал эми Чүй облусунун Орловка шаарында жайгашкан "Алтынкен" ишканасы 3,5 тонна алтын казган. Жамгыр кенинен 500 килограмм алтын казылса, Иштамбердиден 200 килограмма алтын казып алынган", — деди Ибраев.

Аткаминер тоо-кен боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0