Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыспаева: окуучулар арасындагы акыл таймаштын финалына 150 бала өттү

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭл аралык инновациялык технологиялар университетинин кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунун жетекчиси Чолпон Рыспаева
Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунун жетекчиси Чолпон Рыспаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин кесипкөйлүктү жогорулатуу борборунун жетекчиси Чолпон Рыспаева интеллектуалдык оюндун жүрүшүнө жалпы 1742 окуучу катышканын айтты.
Рыспаева: окуучулар арасындагы акыл таймаштын финалына 150 бала өттү

Бүгүн, 28-майда, Бишкекте мектеп окуучулары арасында уюштурулган республикалык интеллектуалдык оюндун жыйынтыктоочу туру өткөрүлөт. Бул тууралуу Чолпон Рыспаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул таймаштын максаты — айыл жергесиндеги окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу.

"Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылынын алкагында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурлай бүгүн, 28-май күнү, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде мектеп окуучулары арасында республикалык интеллектуалдык оюндун жыйынтыктоочу туру өткөрүлөт. Буга чейин "Ийгилик жолу" аталышындагы студенттерден куралган топ Кыргызстандын 7 облусундагы орто мектептерди кыдырып, акыл таймашын өткөрүп келишкен. Анда 1-орунду камсыз кылган 150 окуучу жыйынтыктоочу турга ата-эне жана мугалимдери менен Бишкекке келишти. Учурда финалдык турга даярдыктар кызуу жүрүүдө. Таймаш аяктаган соң келген катышуучуларга шаар ичине жана "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине экскурсия уюштурулмакчы", — деди Рыспаева.

Ал 1-орунга ЭИТУга бюджеттик негизде окууга сертификат, 2-орунга 25 миң сом, ал эми 3-орунга 15 миң сом акчалай сыйлык бериле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0