Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карабаев: оор кылмыш жасаган өспүрүмдөр азайды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Рашид Карабаев. Архив
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Рашид Карабаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Рашид Карабаев жашы жете электер арасындагы кылмыштуулук 22 пайызга кыскаргандыгын айтты.
Карабаев: оор кылмыш жасаган өспүрүмдөр азайды

Азыркы учурда өспүрүмдөр катышкан оор кылмыштардын саны азайып, бирок жеңил мыйзам бузуу фактылары көп каттала баштады. Бул тууралуу Рашид Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы алгачкы төрт ай аралыгында жашы жете электер арасында 525 кылмыш иши катталса, быйыл жыл башынан бери 408 мыйзам бузуу фактысы орун алган.

"Учурда жаш балдар арасында катталган кылмыштардын басымдуу бөлүгү уурулукка байланыштуу. Жашы жете электер көбүнчө уюлдук телефон жана майда буюм-тайымдарды кымырып алып, кармалып жатышат. Ал эми буга чейин орчундуу маселе катары кабылданып келген оор кылмыштар азайды. Мектептерде талап-тоноочулук, топ-топко бөлүнүп мушташуу өңдүү көрүнүштөр жокко эсе. Бул багытта биз да түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп турабыз. Ошентсе да кармалган өспүрүмдөрдүн 30-40 пайызынын ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөндөр болот", — деди тескөөчү.

Ошондой эле ал жаш өспүрүмдөргө саат 23:00дөн 06:00гө чейин ата-энелердин коштоосу жок жүрүүсүнө мыйзам негизинде тыюу салынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0