Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Каракетов: аары багыш үчүн көп жыл билим алуу зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз балчылар союзунун төрагасы Казим Каракетов
Кыргыз балчылар союзунун төрагасы Казим Каракетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз балчылар союзунун төрагасы Казим Каракетов аары багуу үчүн бул жаатта билими бар адамга да үч жылдай тажрыйба менен окууну айкалыштырып билим алуу талап кылынарын айтты.
Каракетов: аары багыш үчүн көп жыл билим алуу зарыл

Бал чогултуу кирешелүү ишкерликтей сезилгени менен татаал жумуш. Бул тууралуу Казим Каракетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бал аарылары өтө сезимтал келет. Бардык жаныбарлардай эле адамдын чын ыкластан жасаган мамилесин сезе билет.

"Мага бал аарысын багуу боюнча кеңеш сурап көп кайрылышат. Мен барына шашпагыла деп айтам. Алгач 4-5 бал челек алып үйрөнүп, андан соң гана жыл сайын акырындап көбөйтүү керек. Дароо эле каражат табуучу ишкерлик катары ойлогон туура эмес. Бул андай бизнеске кирбейт. Аарылар абдан сезимтал келет. Аларды жакшы билем деген адам да үч жылдай үйрөнүп, өзүн көндүрөт. Ал эми бул тармакта такыр билим, тажрыйбасы жоктор 30 жылдай окуса да көптүк кылбайт", — деди Каракетов.

Ал кызыккандарга аары багуу боюнча өзүнүн тажрыйбасы жана чет мамлекеттерден алган билими менен бөлүшүүгө ар дайым даяр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0