Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калагулова: донорлорго бөлүнгөн акча жетишсиз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Социум" коомдук бирикмесинин менеджери Эркинай Калагулова
Социум коомдук бирикмесинин менеджери Эркинай Калагулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Социум" коомдук бирикмесинин менеджери Эркинай Калагулова донорлорго бөлүнгөн каражаттын суммасын тез арада көбөйтүү зарыл экенин айтты.
Калагулова: донорлорго бөлүнгөн акча жетишсиз

Мамлекет тарабынан донорлорго деп бөлүнгөн акча жетишпейт. Бул тууралуу Эркинай Калагулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурун донорлор үчүн 7 миллион сом бөлүнүп келсе, учурда 3 миллион сом каражат берилет.

"Бизде донорлорго бөлүнүп берилген каражат жетишсиз. Мурда жылына 7 миллион сом бөлүнүп келген болсо, учурда ал сумма азайып отуруп 3 миллион сомго түштү. Бул сан донорлор үчүн аздык кылат. Биз донорлорго көп каражат бөлүнүшүн каалайбыз. Азыркы мезгилде Бишкек шаардык мэриясы менен бирге иш алып баруудабыз. Себеби бул көйгөйдү чечпесек, 1400 адамдын көзү өтүп кетиши мүмкүн. Убагында профилактикалык иштерди жүргүзүү керек", — деди Калагулова.

Ал донорлор менен иш алып барган бейөкмөт уюмдар азайып баратканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0