Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акылбек уулу: "Бир адамдан бир китептин" алкагында 42 китепкана ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековИнициатор акции "Бир адамдан бир китеп" Бакай Акылбек уулу
Инициатор акции Бир адамдан бир китеп Бакай Акылбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир адамдан бир китеп" долбоорунун демилгечиси Бакай Акылбек уулу аталган акциянын жүрүшү менен 26 миң китеп чогулганын айтты.
Акылбек уулу: "Бир адамдан бир китептин" алкагында 42 китепкана ачылды

Өлкө аймагы боюнча "Бир адамдан бир китеп" долбоорунун алкагында 42 китепкана ачылды. Бул тууралуу Бакай Акылбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жалпы баасы 6,5 миллион сомдун тегерегинде китеп топтолгон.

"Бир адамдан бир китеп" долбоорун алгач Нарын облусуна караштуу Кош-Дөбө айылынан баштаганбыз. Ал жакта акциянын жарыяланышы менен жалпы жонунан 985 китеп чогултууга жетиштик. Демилгени айыл тургундары да колдоого алып, каражат жагынан да көмөк көрсөтүп жатышты. Аталган айылда китепкананын ишин жандантып, жергиликтүү жаштардын китепке болгон кызыгуусун байкаган соң долбоорду жалпы өлкө аймагына жайылтуу максатын көздөдүк. Кийин ошол эле аймакта дагы бир нече айылга жаңы китептерди чогултуп бердик да, дароо долбоорду "Бир адамдан бир китеп" деп атап, аны социалдык тармактар аркылуу, атайын акцияларды өткөрүү менен жайылтуу аракетин көрдүк. Коомчулук тарабынан демилге абдан жакшы кабыл алынды. Билимге болгон инвестицияны колдоого алабыз дегендер көп болуп, бүгүнкү күндө жалпы жонунан 6,5 миллион сомго бааланган 26 миң китеп чогулта алдык. Аларды учурда өлкөнүн бардык аймактарына таркатуудабыз. Долбоорду ишке ашырып жатып, элде китепке болгон кызыгуу абдан күч экендигин байкадык. Өзгөчө келечек муундун өкүлдөрү арасында окурмандардын көп болгону көңүл сүйүнтөөрлүк. Мындан улам акыркы тапта жаштар китеп окубай калды деген айыптоолорду куру сөз деп айтууга болот", — деди демилгечи.

Ошондой эле ал акциянын жүрүшү менен жылдын аягына чейин дагы 200 айылда китепкана ачуу пландары бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0