Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Момаханова: адабият жана искусство музейи 1989-жылы ачылган

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор дирекции мемориальных музеев столицы Арман Момаханова
Директор дирекции мемориальных музеев столицы Арман Момаханова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын жетекчиси Арман Момаханова борбор калаада Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейи бар экендигин айтты.
Момаханова: адабият жана искусство музейи 1989-жылы ачылган

Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейи 1989-жылдын Тогуздун айынын (сентябрдын) бешинде көрүүчүлөргө эшигин ачкан. Бул тууралуу Арман Момаханова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган музей Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык мааракесинин алкагында түзүлгөн.

"Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик адабият жана искусство музейинин ачылганына быйыл туура 30 жыл толуп отурат. Музейге көбүнесе жамааттык билдирүүлөр менен мектеп, бала бакча, жогорку окуу жайлардан келишет. Ал эми өз алдынча келген көрүүчүлөр аз, күнүнө 10-15 адамга жетет. Имараты 1930-жылдары ак таңдай акын борбор калаага көчүрүлүп келип, үй-бүлөсү менен жашап кеткен үйдө жайгашкан. Музей үч залдан турат, 5000ден ашуун экспонаттар жайгашкан. Анда Токтогул Сатылгановдун чыгармалары, буюмдарынан сырткары Тоголок Молдо, Молдо Кылыч, Тазабек Саманчин сыяктуу кыргыздын карлыгач агартуучуларынын кол жазмалары сакталган. Музейге кирүү акысы 10 сом", — деди Момаханова.

Адис аталган музей "Эл мурасын баалабай туруп, эртеңкини жаратууга болбойт" деген ураан менен иштеп келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0