Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукабаев: Кыргызстанда бир катар жаныбарлар жоголуу коркунучунда турат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист кыргызстанского филиала NABU Аскат Мукабаев
Специалист кыргызстанского филиала NABU Аскат Мукабаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU) коомдук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын мониторинг боюнча адиси Аскат Мукабаев Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүккө байланыштуу маселелерге тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын айтты.
Мукабаев: Кыргызстанда бир катар жаныбарлар жоголуу коркунучунда турат

Учурда өлкө аймагындагы био ар түрдүүлүккө болгон кайдыгер мамиледен улам, Кыргызстанды байырлаган, сейрек кездешүүчү мадыл, ак илбирс жана аркар, кулжа жоголуу коркунучунда турат. Бул тууралуу Марат Үсөналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын флора жана фаунасы дүйнөдөгү өсүмдүктөрдүн эки пайызын жана жаныбарлардын үч пайызын түзөт.

"Биологиялык ар түрдүүлүккө адамдык фактор чоң залалын тийгизип жатат. Коомчулуктун кайдыгер мамилеси жана мыйзамсыз мергенчиликтин кесепетинен бир катар жаныбарлар жоголуу коркунучунда турат. Браконьерлер сейрек кездешүүчү аркар, кулжа, мадыл жана ак илбирске чейин ууга чыккан учурлар бар. Алар биологиялык тамактануу чынжырчасына да өз кедергисин тийгизишүүдө. Айбанаттар бири-бирин толуктап турушат. Эгер чөп менен тамактанган жандыктар азайып кетсе, артынан жырткычтардын да саны кыскарат. Негизинен адамдык фактор жапайы жандыктардын көбөйүшүнө башкы бөгөт болууда. Мындан улам бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүш керек. Алсак, жаратылышка чыкканда айлана-чөйрөнү таза кармап, таштанды калтырбай, артыбызды жыйнап турсак бул да чоң салым. Андан сырткары коруктардын санын арттырышыбыз керек. Мыйзамсыз мергенчиликке жазаны катаалдатуу абзел. Бул маселеге азыртан олуттуу көңүл бурбасак кийин кеч болуп калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанды байырлаган жаныбарлар дүйнөлүк фаунанын үч пайызын түзөт, ал эми өсүмдүктөр дүйнөдөгү флоранын эки пайызына барабар. Биз табиятыбыздын байлыгын сактап калууга милдеттүүбүз", — деди Мукабаев.

Адис акыркы эсептөөлөргө ылайык, Кыргызстандагы ак илбирстин саны 300дүн тегерегинде экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0