Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиев: ИИМдин жаңы түзүмү 1-сентябрдан тарта иштеп баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив
ИИМдин ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев жаңы түзүмгө көбүнесе жөнөкөй жарандар кызматка алынып жаткандыгын айтты.
Сатыбалдиев: ИИМдин жаңы түзүмү 1-сентябрдан тарта иштеп баштайт

Бишкек шаарында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен коомдук тартипти көзөмөлдөө башкармалыгы биригип, милициянын Кайгуул кызмат башкармылыгы деген жаңы түзүм ишке кирет. Бул тууралуу Нур Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган башкармалыктын кызматкерлери жазалоо эмес, тейлөө багытында иш алып баруусу пландалууда.

"ИИМдин жаңы түзүмү президенттин тапшырмасы менен ишке ашып жатат. Атайын түзүлгөн жумушчу топ түзүмдүн иш концепциясын иштеп чыгып, өкмөт кол коюп берген. Мунун негизинде учурда кызматкерлерге ачык конкурс жүрүүдө. Башкармалыкка көбүнесе катардагы жарандарды кызматка алуу каралган. Ал эми мурдагы кызматкерлер кайрадан аттестациядан өтүп, ийгиликтүү тапшыргандары жумуш ордунда калат. Жаңы түзүмдүн кызматкерлери үч айлык окуудан өтүп, 1-сентябрдан иштеп баштайт", — деди Сатыбалдиев.

Ал аталган түзүмдүн кызматкерлеринин айлык акысы кеминде 23 000 сом болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0