14:44 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жапаров. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жапаров: Кытайдын 1,7 млрд. доллар насыясын өтө оор шарт менен алып алганбыз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
196 0 0

"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жапаров Кытайдан алынган кредиттер эмоция менен алынып калганын айтты.

1992-жылдан 2018-жылдын декабрына чейин Кыргызстан башка мамлекеттерден жалпысынан 10 миллиард 99 миллион доллар алды. Анын ичинен 2 миллион 854 миллиону грант болсо, ал эми 7 миллиард 244 миллиону насыя. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда республиканын тышкы карызынын жалпы суммасы 4 миллард доллардын тегерегинде.

"Кыргызстан буга чейинки алган карыздарын өз убагында эле төлөп келе жатат. Коомчулукту кооптонткон карыз — бул соңку 4-5 жылдын ичинде Кытайдын экспорттук-импорттук банкынан алган 1 миллиард 700 миллион доллар. Аны төлөй келгенде 2 миллиард 200 миллиондон ашык акча болот. Бул карыз алынып жатканда саясий эмоция менен чечим чыгарылып калган. Анткени 2 миллиард үчүн 20 жыл абдан аз убакыт. Экинчиден, өлкө экономикасы үчүн олуттуу орду бар Ош — Бишкек жолу, жылуулук тармагы жана Датка — Кемин долбоору эгер насыя көрсөтүлгөн убактысынан бир саат, бир күн кечиктирилип төлөнсө, Кытай тарапка өтүп кетет дегенге макулдук берилип калган. Башкача айтканда, ушул үч объектини кытайлар алып, иштетип калышат. Үчүнчүдөн, соттук иштер Гонконгдо, кытай тилинде, ошол мамлекеттин соода-сатык палатасынын эрежелери менен жүргүзүлөрүнө макулдук берилген. Ушундай катаал шартка карабай учурда Кыргызстан карызды өз убактысы менен төлөп келе жатат жана келечекте бул насыядан чыгашасыз кутулабыз деп ишенебиз", — деди Жапаров.

Депутат буга чейинки кредиттер 0,75 пайыз менен 40 жылдык мөөнөткө, төлөй албай калган учурда 10 жыл күтүп туруу эрежелери менен алынганын кошумчалады.

Тема боюнча

Жапаров: кредитти чыгаша катары кабыл алуу керек
Белгилер:
экономика, саясат, Тышкы карыз, Кытай, Акылбек Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ