Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: кредитти чыгаша катары кабыл алуу керек

© Sputnik / Жоомарт УраимовДепутат Жогорку Кенеша КР Акылбек Жапаров
Депутат Жогорку Кенеша КР Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров кыргызстандыктар насыя алууда мамлекет кетирген каталарды кайталабашы керектигин айтты.
Жапаров: кредитти чыгаша катары кабыл алуу керек

Эл алган кредитин киреше эмес, чыгаша катары кабыл алганда гана акчага туура мамиле жасаганды үйрөнөт. Мындай пикирин Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 863 миң киши банктардан насыя алып, ийгиликтүү төлөп жатат.

"Ушул күнгө чейин эгемендүү кыргыз мамлекетинин өкмөтү сырттан карыз алганда бир чоң ката кетирип келген. Ал - алган карыздарды киреше катары көрүп, той-аштарга коротуп салганы. Карыз — эч убакта киреше эмес. Муну биздин коом эми түшүнүп келе жатат. Ар бир үй-бүлө да кичинекей мамлекет. Андыктан кыргызстандыктар өкмөт кетирген катаны кайталабай, карызга чыгаша катары мамиле кылганды үйрөнүшү керек. Ошондо гана ал акча пайдасын алып келет. Мындан сырткары, үй-бүлөдө акчаны иштетүүгө кимдин таланты болсо, ошол адамга баш ие билүү зарыл", — деди Жапаров.

Депутат ошондой эле колунда барга каниет кыла билүү да каражат маселесинде оң таасирин тийгизерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0