Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султангазиев: көмүскө трансплантологияга жол бербеш керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Партнердук түйүндөр" ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев. Архив
Партнердук түйүндөр ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Партнердук түйүндөр" ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев тирүү адамдын коопсуздугу баарынан маанилүү экенин айтты.
Султангазиев: көмүскө трансплантологияга жол бербеш керек

Адам органдарын жеке клиникаларда алмаштырууга уруксат берчү мыйзам долбоору мыйзамсыз трансплантологияга жол ачып берип жатканын эске алыш керек. Бул тууралуу Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер мыйзам долбоору ишке ашып калса, карызы бар адамдар бөйрөгүн сатып, ошондой эле жаш балдардын жоголуу фактылары көбөйүшү мүмкүн.

"Элдин көбү трансплантология керек деп жатышат. Бул жерде эң биринчи кезекте тирүү адамдын коопсуздугун эске алуу зарыл. Бүгүнкү күндө кичинекей балдар жоголгон фактылар көп болууда. Жогорудагы мыйзам долбоорун ишке ашыруудан мурда укук коргоо органдары аларды таап, сактай алабы деген суроого жооп бериш керек. Балдарды уурдагандар жазасын алып жатат деген маалыматты укпай жатабыз. Бул мыйзам долбоору көмүскө трансплантологияга жол ачып берип жатат. Азыр элдин көбү эле насыя алып, оокат кылып келишет. Карызы барлар бөйрөгүн сатып акчалуу болгусу келиши да мүмкүн. Ошондуктан мындай жагдайда адамдын коопсуздугун эске алып, терең анализ жүргүзүү талап кылынат. Адам органдарын жеке клиникаларда мыйзамсыз алмаштырууга уруксат бербеш керек", — деди Султангазиев.

Ал, мындан сырткары, медициналык борборлор жетиштүү деңгээлде текшерүүдөн өтпөй жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0