Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аднаева: элдин ден соолугун бизнес катары карабашыбыз керек

© Sputnik / Дильноза АлымоваӨкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева
Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Нургүл Аднаева адам органдарын жеке клиникаларда алмаштырууга уруксат берчү мыйзам долбоорун ишке ашыруу Кыргызстан үчүн азырынча эрте экенин айтты.
Аднаева: элдин ден соолугун бизнес катары карабашыбыз керек

Азыркы күндө жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары адам органдарын алмаштырууга даяр эмес. Бул тууралуу Нургүл Аднаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, элдин ден соолугун бизнес катары карабаш керек.

"Адам органдарын жеке клиникаларда алмаштырууга уруксат берчү мыйзам долбоорун ишке ашырууда өтө дыкат мамиле жасаш керек. Жаңы мыйзам иштелип чыккандан мурун терең анализ талап кылынат. Донор боюнча, кадр көйгөйү, акча каражаты сыяктуу бардык маселелерди ар тараптуу карап, бир жыйынтык чыгаруу зарыл. Азыркы күндө жеке менчик клиникалар адам органдарын алмаштырууга даяр эмес. Жада калса мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын да трансплантологияга толук кандуу даярдыгы жок. Ошондуктан адамдын ден соолугун бизнес катары карабашыбыз керек", — деди Аднаева.

Ал жеке менчик саламаттык сактоо уюмдары эл аралык стандарттарга жооп бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0