Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аматов: мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

© Sputnik / Асель Акматалиева"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу" пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адис Төлөгөн Аматов
Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адис Төлөгөн Аматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек шаарынын мектептерине электрондук каттоого туруу" пилоттук долбоорунун маалыматтык системасын иштеп чыккан IT адис Төлөгөн Аматов 16-майдан тарта мектептерге электрондук каттоо системасынын экинчи баскычы башталганын айтты.
Аматов: мектептерге электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Электрондук каттоо системасынын биринчи этабында 9380 арыз каралып, жети миңден ашуун жеткинчек 1-класска кабыл алынды. Бул тууралуу Төлөгөн Аматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, электрондук каттоо системасынын алкагында Бишкек шаарындагы №70, 17, 26, 56, 62 жана 61-мектептин башталгыч класска бөлүнгөн орундары толду.

"Мектептердеги электрондук каттоо системасынын биринчи этабы 15-февралда башталып, 15-майда жыйынтыкталды. Анын жүрүшүндө жалпы жонунан 9380 арыз каралып, жети миңден ашуун жеткинчек өз аймагындагы мектептерге 1-класска кабыл алынды. Экинчи этап 16-майдан 15-августка чейин уланат. Аталган убакыт аралыгында ата-энелер Бишкек шаарында жайгашкан бош орундары бар бардык мектепке каттоого турса болот. Эң башкысы өз убагында онлайн арыз менен кайрылыш керек. Арыз берүүдө биринчи кезекте ата-энелер телефон номурун жазыш керек, экинчиден, паспорттун көчүрмөсүн жана жашаган жеринен справка алып тиркеши зарыл. Бул маалыматтар берилген соң алар дароо электрондук системага катталат", — деди IT адис.

Ошондой эле ал мектептерге электрондук каттоо системасы тууралуу маалыматты (0312) 62 04 97 телефон номуру жана www.mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу алса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0