Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу Максат: чет өлкөлүк коноктор Кыргызстандагы агротуризмге кызыгышат

© Sputnik / Бегимай БакашеваМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу Кыргызстанда туризмдин бардык түрүн өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар бар экенин айтты.
Дамир уулу Максат: чет өлкөлүк коноктор Кыргызстандагы агротуризмге кызыгышат

Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк коноктор Кыргызстандагы элет элинин турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышууну каалап, агротуризмге көбүрөөк кызыгышууда. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, туроператорлор атайын маршруттарды түзүп, агротуризмди өнүктүрүү менен бирге элет эли өндүргөн продукцияны чет элдик конокторго сатуу мүмкүнчүлүгүн да түзүшүүдө.

"Кыргызстанда агротуризм 2014-жылдан бери өнүгүп келет. Чет элдик конокторго жергиликтүү калктын, өзгөчө элеттиктердин жашоосу абдан кызык. Алар атайын айыл жергесине барып, дыйкан, фермерлердин күнүмдүк тиричилиги менен жакындан таанышышат. Бул багытта туристтер Ысык-Көлгө барып, асыл тукумдуу малдын түрүн көрүү менен бакчалардан алма, өрүк терип, дыйкандардын күнүмдүк жашоосуна аралашышат. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле Өзгөндүн күрүчүнө кызыгып, ал жакка да баргандар бар. Жалал-Абаддан жаңгак терип, пахта талааларын көргөнү да келишет. Нарындан жайлоого чыгып, мал кайтарышат. Алыстан келген туристтер үчүн мына ушул кызык. Эң башкысы, чет элдик коноктор көрсөтүлгөн ар бир кызматка акы төлөп, акча таштап кетишүүдө. Бул өлкө экономикасы үчүн кошумча киреше. Мындан улам агротуризмди калк арасына жайылтып, өнүктүрүү зарыл", — деди Дамир уулу.

Ошондой эле ал туристтер үчүн коопсуз болгон мамлекеттердин рейтингинде Кыргызстан алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0