Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: ата-эненин көңүл ачуучу жайларга көп барышы балдарына терс таасир берет

© Sputnik / Асель АкматалиеваКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова акыркы мезгилде достор деген сөз шарттуу түшүнүккө айланып баратканын айтты.
Бообекова: ата-эненин көңүл ачуучу жайларга көп барышы балдарына терс таасир берет

Учурда айрымдар максатсыз болсо деле достор менен жолугушуп, көңүл ачыш керек деген түшүнүктө жашап калды. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-эненин көңүл ачуучу жайларга көп барышы үй-бүлөгө терс таасирин тийгизет.

"Көңүл ачуучу жайларда ар кандай музыка, тамашалар болушу мүмкүн. Тамашаларды да ар бир адам ар түрлүү кабыл алат. Соңку учурда достор деген сөз шарттуу түшүнүккө айланып баратат. Айрымдар максатсыз, негизсиз эле теңтуштары менен жолугушат. Беш курбу тоого эс алууга барып, бешөө беш жерде телефонун чукулап отурганын көрүү кадимки эле көрүнүшкө айланды. Анын ордуна санаалаштар менен үй-бүлөнүн экономикасына тиешелүү жолугушууларды уюштуруу пайдалуу болот. Ал эми жөн гана көңүл ачуучу жайга көп баруу адамдын өзүнө да, түгөйүнө да, баласына да, айтор, айланасындагы адамдарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн", — деди Бообекова.

Ал жаштар үй-бүлө курууга психологиялык жактан даяр болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0