Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолоев: Бишкектин көркү бир гана "Тазалык" ишканасынын колунда эмес

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" муниципалдык ишканасынын экономикалык пландоо бөлүмүнүн башчысы Ильяс Жолоев. Архив
Тазалык муниципалдык ишканасынын экономикалык пландоо бөлүмүнүн башчысы Ильяс Жолоев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын экономикалык пландоо бөлүмүнүн башчысы Ильяс Жолоев Бишкек шаары таза шаарга айланып баратканын айтты.
Жолоев: Бишкектин көркү бир гана "Тазалык" ишканасынын колунда эмес

Бишкек шаарынын тазалыгы бир гана "Тазалык" ишканасынын колунда эмес. Бул тууралуу Ильяс Жолоев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардагы таштандылар өз маалында жыйналып тазаланып жатат.

"Ар бирибиз эле үйүбүз чачылса жыйнап, таза кармаганга аракет кылабыз. Ошол сыңары эле борбор калаабыз Бишкекти да таза шаар деген атка кондуруу шаар тургундарынын колунда. Шаардын таза болушу бир гана "Тазалык" муниципалдык ишканасынан көз каранды эмес. Бул маселе ар бир шаар тургунуна, келген конокторго да тиешелүү. 4-5 жыл мурда таштанды ташталды деген маалыматтар абдан көп эле. Азыркы учурда таштандылар өз маалында жыйналууда", — деди Жолоев.

Ал көчө шыпыргычтар 10-15 миң сомдун тегерегинде айлык маяна аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0