00:15 22 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Айыл чарба багытындагы эксперт Дария Тогузбаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Айыл чарба адиси компостту туура жасоонун ыкмаларын айтып берди

Радио
Кыскача шилтеме алуу
30 0 0

Айыл чарба багытындагы эксперт кайсы жер семирткичтерди колдонуу туура болорун айтып берди.

"Дыйкандардын органикалык жер семирткичтерге басым жасоосун сунуштайм". Мындай пикирин Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, талаа өсүмдүктөрү үчүн эң жакшы азык малдын кыгы жана компост болуп саналат.

"Дыйкандар талаада же огородунда мөмө-жемиш отургузганда малдын кыгын, компостту же жашыл асылдандыруучу азыктарды колдонгону туура. Малдын кыгын себүүдө былтыркысын алуу керек. Жаңы кык өсүмдүк үчүн пайдалуу эмес. Ал канчалык эскирген сайын андагы зыяндуу заттар жоголуп, отоо чөптөрүнүн уруктары өлөт. Ал эми компостту отундун күлү, башка өсүмдүктөрдүн калдыктары, тамак-аш калдыктары, майда кум менен аралаштырып жасап алсаңыз болот. Мындай аралашманы дароо колдонбой чиритиш керек. Чынында мөмө-жемиштер үчүн мындан өткөн жер семирткич жок", — деди Тогузбаева.

Ал ошондой эле жерди семиртүүдө сидераттарды өстүрүү, башкача айтканда, отоо чөптөрдү сүрүп салып, жердин үстүңкү катмарын күндүн нурунан коргогон жашыл азыктандыруучу чөптөрдү себүү да пайдалуу экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Тогузбаева: мөмөлүү бак кумдуу топуракта жакшы өсөт
Белгилер:
түшүм, айдоо, өсүмдүктөр, жер

ЭҢ МААНИЛҮҮ