Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанбекова: "Манас таануу" мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өбөлгө болууда

© Sputnik / Досхан НусупбековМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Нурзат Асанбекова
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Нурзат Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Нурзат Асанбекова Манас таануу илими жаштардын тилге болгон кызыгуусун арттырып жаткандыгын айтты.
Асанбекова: "Манас таануу" мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө өбөлгө болууда

"Манас таануу" илими жана "Манас таануу" интеллектуалдык телетаймашы мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң өбөлгө болууда. Бул тууралуу Нурзат Асанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, келечек муундун өкүлдөрүнүн арасында мамлекеттик тилди өздөштүрүүгө болгон кызыгууну учурдагы модага айландыруу керек.

"Жаштардын "Манас таануу" илимине болгон кызыгуусун арттыруу максатында эпосту изилдөө боюнча сынак жарыялаганбыз. Бул долбоордун алкагында илимий эмгектер кыргыз тилинде жазылып, эки китеп жарык көрдү. Ошондой эле үч жылдан бери "Манас таануу" интеллектуалдык телетаймашы өткөрүлүп келет. Ага жыл сайын он миңден ашуун окуучу катышып, эпосту өздөштүрүү менен бирге сөз байлыгын да арттырышууда. Телетаймаштын жүрүшүндө окуучулар "сөз куржуну" аттуу бөлүктөн эпосто кездешкен макал-лакап, сөз айкалыштарын чечмелеп беришет. Алардын такалбай, ар бир суроого так жана жеткиликтүү жооп бергени бизди абдан кубандырууда. Жаштардын эпосту өздөштүрүүгө дилгирлиги мактоого татыйт. Жалпы жонунан "Манас таануу" илими кыргыз тилин дагы да байытып, аны жайылтууга жана өнүктүрүүгө абдан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө деп толук айтууга болот", — деди Асанбекова.

Ошондой эле ал учурда өтүп жаткан "Сабаттуу бол" акциясы жыйынтыкталгандан кийин, июнь айында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан илимий конференция өтө тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0