Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: мамлекеттик тил — улуттун коду жана мамлекеттин жүрөгү

© Sputnik / Дильноза АлымоваПредседатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев
Председатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев учурда кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн арттырып, анын кадыр-баркын жана беделин жогорулатуу зарылчылыгы бар экендигин айтты.
Ишекеев: мамлекеттик тил — улуттун коду жана мамлекеттин жүрөгү

Мамлекеттик тил — улуттун коду жана мамлекеттин жүрөгү. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик тил - бүгүнкү күндөгү өлкөнүн бүтүндүгүнүн, коопсуздугунун жана калктын биримдигинин кепилдиги.

"Учурда кыргыз тилинин деңгээлин мамлекеттик тил макамына жеткирүү маселеси актуалдуу бойдон калууда. Анткени мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсү тар, кадыр-баркы өспөй жатат. Быйыл 23-сентябрда мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына туура 30 жыл болот. Бирок бул убакыт аралыгында кыргыз тилинин өнүгүшү көп деле байкалган жок. Мындан улам биз быйылкы жылы мамлекеттик тилдин мааракесине арнап бир катар иш-чараны пландаштырганбыз. Бул аракеттердин катарында республикалык "Сабаттуу бол" аталышындагы жат жазуу сынагы да бар. Аталган өнөктүккө бардык каалоочулар катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап алса болот. Мындай иш-чаралар алдыда дагы байма-бай өткөрүлүп турмакчы", — деди төрага.

Ошондой эле ал кыргыз тили дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0