Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эсенгулов: өкмөт шаарлар арасында сынак өткөрөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовӨкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов. Архив
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов аталган сынактын байге фондусу 6 миллион сомду түзөрүн айтты.
Эсенгулов: өкмөт шаарлар арасында сынак өткөрөт

Кыргызстанда "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар" сынагы өтөт. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Чыңгыз Эсенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сынакка катышуу ыктыярдуу түрдө болот.

"Сынак Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында шаарларга балдар жана жаштар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өткөрүлмөкчү. "Өсүү түйүндөрү" катары Балыкчы, Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Исфана, Кадамжай, Кара-Балта, Каракол, Кара-Көл, Кара-Суу, Кербен, Кочкор-Ата, Нарын, Ош, Талас, Таш-Көмүр, Токмок жана Өзгөн шаарлары көрсөтүлгөн. Сынактын байге фондусу 6 миллион сомду түзүп, 10 шаардын ичинен комплекстүү баа боюнча жогорку упай топтогон үч шаарга байгелүү орундар ыйгарылат", — деди Эсенгулов.

Ал сынактан 1-орунду ээлеген шаарга үч миллион, 2-орунга эки миллион жана 3-орунду алган шаарга бир миллион сом бериле турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0