Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: жайкы эс алуу мезгилинин расмий ачылышы 18-майда өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев 18-майда өтө турчу эл аралык туристтик жарманкеге район аймагындагы 155 пансионаттын өкүлдөрү катышып, 2019-жылдын жайкы эс алуу мезгилине болгон даярдыктары тууралуу маалымат берерин айтты.
Иманалиев: жайкы эс алуу мезгилинин расмий ачылышы 18-майда өтөт

Быйылкы жылы жайкы эс алуу мезгилинин расмий ачылышы 18-майга белгиленген. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарманкеге катыша турчу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк туроператорлор Ысык-Көл районунун туризм жаатындагы дарамети менен тааныша алат.

"18-майда өтө турчу эл аралык туристтик жарманке облустук жана райондук жетекчиликтин демилгеси менен өткөнү жатат. Ага Туризм департаменти да колдоо көрсөтүүдө. Иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу да күтүлүп жатат. Башкы максат — Ысык-Көл районунун туризм жаатындагы дараметин көрсөтүү. Ал үчүн ЖМК өкүлдөрүн, жергиликтүү жана чет элдик туроператорлорду чакырганбыз. Мындан сырткары, 18-майда быйылкы жылдын жайкы эс алуу мезгилинин расмий ачылышы да болот. Ал үчүн күжүрмөн даярдык көрүп жатабыз. Жыл сайын пландаштырылган иш-чараларыбыздын алкагында ар бир айыл өкмөтү жана шаар бийлиги айлана-чөйрөнү көрктөндүрүп жана жашылдандырып, тийиштүү оңдоп-түзөө аракеттерин көрүүдө", — деди аким.

Ошондой эле ал эс алуучуларды кабыл ала турчу пансионаттарды паспорттоштуруу иштери жүрүп, ар бир эс алуучу жай атайын текшерүүдөн өтүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0