00:09 22 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Айыл чарба багытындагы эксперт Дария Тогузбаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Тогузбаева: мөмөлүү бак кумдуу топуракта жакшы өсөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
256 0 0

Айыл чарба багытындагы эксперт республиканын кайсы аймагында кандай өсүмдүктөр түшүмдүү болоруна токтолду.

Дыйканчылык кыларда алгач эле топурактын курамына көңүл буруу зарыл. Жер кыртышын аныктап алган соң гана ошол аянтка ылайыктуу мөмөнү тигүү керек. Бул тууралуу эксперт Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жерди атайын азыктандыруу жолдору менен кыртышын өзгөртсө болот, бирок чоң аянттарды ылайыкташтырып чыгуу кыйын.

"Дыйкан мөмө-жемиш отургузарда алгач эле топурактын курамын аныктап алганы дурус. Ал өзү кайсы бир өсүмдүктү өстүрүү боюнча мыкты адис болсо да жер кыртышы туура келбесе, түшүм мол болбойт. Кыргызстанда айдоо аянттары жалпысынан дыйканчылыкка ылайыктуу болгону менен ар аймакта ошол жерде гана мыкты өсө турган өсүмдүктөр бар. Мисалы, Жети-Өгүз районунун топурагы кумдуу келгендиктен, мөмөлүү бактар жакшы өсөт. Негизи эле кумдуу жерге мөмө берчү бактарды отургузган туура. Ал эми Кочкор районунун жерин чополуу топурак түзөт. Демек, картошка эксе түшүмү мол болот. Баткен облусун ала турган болсок, күрүчкө ылайыктуу. Мына ушинтип ар аймактын өзүнө гана тиешелүү өсүмдүктөрү бар", — деди Тогузбаева.

Эксперт дыйкандын эмгеги текке кетпеши үчүн ошол аймактын шартына ылайыктуу өсүмдүктөрдүн жеринде питомниктери, урук чарбалары болушу керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Адис мол түшүм алуунун сырларын айтып берди
Белгилер:
өсүмдүктөр, топурак, аймактар, дыйкан чарбачылары

ЭҢ МААНИЛҮҮ