Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: Токтогул ГЭСин 25 жыл жетектедим

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул ГЭСинин экс-жетекчиси Болот Иманалиев
Токтогул ГЭСинин экс-жетекчиси Болот Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтогул ГЭСинин экс-жетекчиси Болот Иманалиев учурда Исхак Раззаковдун атын алып жүргөн техникалык университеттин алгачкы бүтүрүүчүсү экендигин айтты.
Иманалиев: Токтогул ГЭСин 25 жыл жетектедим

1957-жылы политехникалык институтту бүтүп, Аламүдүн каскадында монтер болуп иштөө менен эмгек жолумду баштагам. Бул тууралуу Болот Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун кыргыз энергетика тармагынын 85 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурунда ал аталган кесиптеги жогорку билимдүү кыргыз улутундагы жалгыз адис болгон.

"Эмгек жолумду монтерлуктан баштап, жетекчилик кызматка чейин жеттим. Ал учурда өкмөт каякка которсо, ошол жакка иштеп кете берчүбүз. Ошентип Чүй боорунда, Фрунзе шаарында, Ысык-Көл аймагында, Ошто иштедим. Ысык-Көлдө башкы инженер болуп турганымда облусту толук электр энергиясы менен камсыздап, эң акыркы Жогорку Долинка айылына жарык жеткирип, Москвага отчет бергенибиз эсимде. Андан соң Султан Ибраимовдун тапшырмасы менен Токтогул ГЭСине жетекчи болуп барып, 25 жыл эмгектендим. СССРдин планы боюнча, мен Токтогул ГЭСин башкарып турганда Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтерин алгачкы курулушунан баштап, ишке киргизгенбиз", — деди Иманалиев.

Ардагер жалпысынан энергетика тармагында 50 жылга чукул эмгектенгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0