Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: орозо учурунда түкүрүүгө, шилекей жутканга, тиш жулдурууга болот

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов орозо кармаган адам эмне кылса болорун айтып берди.
Эргешов: орозо учурунда түкүрүүгө, шилекей жутканга, тиш жулдурууга болот

Орозо маалында орозо туткан адамга түкүрүүгө, шилекей жутканга, тиш жулдурууга уруксат берилет. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, орозо кармаган адам бир шарт менен тиш жасата алат.

"Орозо мезгилинде орозо туткан адам түкүрсө, шилекейин жутса, катуу сыркоолоп калганда азыктандыруучу, күчтөндүрүүчү, күч болуп бере турган эмес, организмдеги вирустарды өлтүрө турган ийне алса болот. Эгер тамагына суу кетпей турган болсо, тишти оңдотууга, жулдурууга жол берилет", — деди Эргешов.

Ал орозо туткан адам кан алдырбаш керектигин, кан берген учурда киши алсызданып, өзүн жоготуп коюшу мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0