Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дегенбаев: экспортту өнүктүрүүгө сооданы жакшы түшүнгөн дипломаттар керек

© Sputnik / Дильноза АлымоваПредседатель Ассоциации отечественных производителей Бакыт Дегенбаев
Председатель Ассоциации отечественных производителей Бакыт Дегенбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев чет өлкөдө Кыргызстандын соода-сатык алакаларын жакшыртып, экспорт кылууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере алчу дипломаттар жок экендигин айтты.
Дегенбаев: экспортту өнүктүрүүгө сооданы жакшы түшүнгөн дипломаттар керек

Экспорттун көлөмүн арттыруу үчүн чет өлкөлөрдө соода-сатык тармагын жакшы түшүнгөн консул же атташелер иш алып барышы абзел. Бул тууралуу Бакыт Дегенбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн ассоциациясы элчиликтерге соода-сатык консулу же атташе кызматын киргизүү сунушу менен 2016-жылы өкмөткө кайрылган. Бирок үч жылдан бери бул маселе чечилбей келет.

"Экспорттун көлөмүн арттыруу үчүн жаңы алакалар түзүлүшү керек. Бул үчүн Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү дипломаттары кам көрүшү шарт. Бирок биздин элчиликтерде соода-сатык тармагын жакшы түшүнгөн адистер жок. Ошол себептен тышкы сатыкка ылайыктуу өндүрүмүбүз экспортко чыкпай жатат. Мисалы, Кытайда кыргыз балына талап абдан күч. Бирок ал жакта дипломаттар кытай өкмөтү менен соода алакаларын жакшы түзө албай, балды экспорттоого кыйын болууда. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, ал жактагы бюрократия буга тоскоолдук жаратып жатат. Мындай мисалдар дагы көп. Мындан улам эл аралык соода-сатык алакаларды өнүктүрүү үчүн тийиштүү консул же атташелер керек. Бул маселени биз 2016-жылы көтөрүп, соода-сатык консулу же атташе кызматын киргизүү боюнча өкмөткө сунуш менен кайрылганбыз. Тилекке каршы, маселе үч жылдан бери чечилбей келет. Эгер абал ушул бойдон кала турган болсо, экспорттун көлөмүнүн өсүшү күмөн", — деди Дегенбаев.

Ошондой эле ал жергиликтүү өндүрүшчүлөр мамлекеттик колдоо катарында жеңилдетилген насыяга муктаж экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0