Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ипотеканы төлөй албай калганда эмне кылуу керек? Банк адисинин жообу

© Sputnik / Асель АкматалиеваРегиональный руководитель одного из коммерческих банков КР Назгуль Маткаримова
Региональный руководитель одного из коммерческих банков КР Назгуль Маткаримова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Маткаримова ипотекалык насыя берүүдө кардар карызынан көйгөйсүз кутулуусуна банк өзү да кызыкдар болорун айтты.
Ипотеканы төлөй албай калганда эмне кылуу керек? Банк адисинин жообу

Ипотекалык насыя алгандан кийин каржы маселесинде кыйынчылыктар жаралса аны жашырбай, тескерисинче, дароо банкка маалымдоо зарыл. Бул тууралуу Назгүл Маткаримова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, банкка кайрылардан мурда кардар алууну пландап жаткан турак жайдын наркына ченеп кирешесин бөлүштүрүп, дыкат эсептеп чыгуусу зарыл.

"Ипотекалык насыянын коопсуз төлөнүшү баштапкы төлөмдүн көлөмүнөн да көз каранды. Баштапкы төлөм канчалык ири суммада болсо, кредиттен кутулуу ошончолук жеңил болот. Банктар сиздин кирешеңизге жана топтогон каражатыңызга карап ипотеканын ар кандай түрлөрүн сунушташат. Эгер кардар кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болуп, насыяны төлөй албай калса, бул тууралуу дароо банкка билдирүүсү кажет. Арыз менен кайрылып, кардар жумушунан айрылып калган болсо жаңы иш тапканча ипотеканы жабууну узарта турууну суранса болот. Туумдарды, айып пулдарды токтото турууну өтүнүүгө укуктуу. Банк кардардын күрөөгө койгон үйүн сатып салганга караганда, ал насыянын өз жолу менен жабылышына көбүрөк кызыкдар", — деди Маткаримова.

Адис ипотекалык кредитти аларда тиешелүү документтерде бардык маалыматтар жазыла тургандыгын, кардар шашпай алар менен кенен таанышып чыгуусу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0