Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Малабек уулу: дебеттик карта ыңгайлуу экендигин кардарлар биле бербейт

© Sputnik / Асель АкматалиеваКоммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу. Архив
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу дебеттик карта менен кредиттик картанын айырмасын айтып берди.
Малабек уулу: дебеттик карта ыңгайлуу экендигин кардарлар биле бербейт

Дебеттик карта — товарларга жана кызматтарга акы төлөө, банктагы эсебинен жана банкоматтардан акча чыгарып алуу үчүн колдонулат. Бул тууралуу Мирлан Малабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык төлөм системаларында көбүнесе кредиттик жана дебеттик карталар иштейт.

"Кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн банктар карталык системанын эки түрүн сунушташат. Алар дебеттик жана кредиттик карталар. Дебеттик карта төлөм жүргүзүүлөр үчүн, башкача айтканда, кадимки айлык акысы келип түшкөн карта болсо, кредиттик картанын андан айырмасы бар. Кредиттик картаны колдонгон адамга банк тарабынан лимит берилет. Кардар ошол лимиттин чегинде гана каражат жумшай алат", — деди Малабек уулу.

Ал кредиттик картаны колдонууда алгач банк адистерине келип маалымат алуу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0