Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чолумова: балдарын интернатка берип, бирок жөлөк пулун алган ата-энелер бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Назгүл Чолумова өлкөдө 12 миңден ашуун бала интернат мекемелеринде тарбияланарын айтты.
Чолумова: балдарын интернатка берип, бирок жөлөк пулун алган ата-энелер бар

Балдар үйүндө жашаган балдардын баары эле томолой жетим же жашоо-шарты начар үй-бүлөлөрдөн эмес. Тилекке каршы, арасында ата-энеси эмгек мигранты болуп башка мамлекетке чыгып кеткен балдар да бар. Бул тууралуу Назгүл Чолумова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан томолой жетим балдарга 2000 сомдон, багуучусунун бирөөсүнөн айрылгандарга 1000 сомдон жөлөк пул берилет. Мындай жөлөк пул алган балдардын 200үнө мамлекет тарабынан банктан эсеп ачылып, акча ошол жакка которулуп турат. Кийин 18ге чыкканда баланын өзүнө тапшырылат.

"Жалпы республика боюнча 12 миңдей бала интернат үйлөрүндө тарбияланганы менен алардын 5 пайыздайы гана томолой жетим десек болот. Тагырак айтканда, 700гө жетпеген наристенин ата-энеси жок же ата-энелик укуктан ажыратылган, таштап кеткен, дайынсыз жоголгон. Калгандарынын ата-энелери же камкордукка алган адам бар. Мыйзам боюнча томолой жетим балдарга 2000 сомдон, багуучусунун бири бар учурда 1000 сомдон жөлөк пул каралган. Тилекке каршы, камкорчусу бар же ата-энеси тирүү туруп бул акчаны алып, бирок баланы мектеп-интернаттарына жайгаштырып койгон учурлар кездешүүдө", — деди Чолумова.

Адис ошондой эле тышкы миграция маселеси да көйгөйдү курчутуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0