Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекболотова: почтадан акча эң көп Россия жана Казакстандан которулат

© Sputnik / Табылды КадырбековМенеджер отдела финансов ГП "Кыргызпочтасы" Рахат Бекболотова
Менеджер отдела финансов ГП Кыргызпочтасы Рахат Бекболотова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын каржы кызмат бөлүмүнүн менеджери Рахат Бекболотова акча которуу боюнча Россиядан чектелген сумма 100 миң рублди түзө турганын айтты.
Бекболотова: почтадан акча эң көп Россия жана Казакстандан которулат

Почта аркылуу акча эң көп Россия жана Казакстандан которулат. Бул тууралуу Рахат Бекболотова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, калган өлкөлөрдөн которулган акчанын көлөмү аз.

"Акча которуу кызматын пайдалангандардын эки пайызы почта кызматын колдонушат. Каражат жиберген өлкөлөрдүн сап башында Россия жана Казакстан турат. Ал эми калган мамлекеттерден которулган акчанын көлөмү аз. Негизи акча которууда чектелген сумма Россиядан 100 миң рубль, Казакстандан 1000 доллар, Белоруссиядан 500 еврону түзөт", — деди Бекболотова.

Ал "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын каржы кызмат бөлүмүндө 9 кызматкер эмгектенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0