Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Соромбаева: жугуштуу оорулардын 80 пайызы кол аркылуу жугат

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист республиканского научно-практического центра инфекционного контроля Надира Соромбаева
Ведущий специалист республиканского научно-практического центра инфекционного контроля Надира Соромбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, Республикалык илимий-тажрыйбалык борборунун жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн алдыңкы адиси Надира Соромбаева колду жуугандан бир канча оорулардын алдын алса болорун айтты.
Соромбаева: жугуштуу оорулардын 80 пайызы кол аркылуу жугат

Жугуштуу оорулардын 80 пайызы кол аркылуу жугат. Ошондуктан жаш балдарды эс тарткандан тарта колду таза кармоонун маанилүү экенин түшүндүрүү зарыл. Бул тууралуу Надира Соромбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү учурларда сөзсүз колду жууш керек.

"Жугуштуу оорулардын 80 пайызы кол аркылуу жугат. Ошондуктан колдун тазалыгы өтө маанилүү. Жаш балдарды эс тарткандан баштап колун жууганга үйрөтүү шарт. Өзгөчө тамактанардын алдында, дааратканадан чыкканда, кол кир болуп, жагымсыз жыттанган учурда сөзсүз аны жууш керек. Колду таза кармоо менен ичеги-карын ооруларынын алдын ала алабыз", — деди Соромбаева.

Ал базардан сатып алган жер-жемишти жууп жегенге чакырып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0