01:37 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Аматов: учурда өлкө боюнча 30дан ашуун радио тартат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
51 0 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов радиотолкун алуу үчүн ачык аукцион өткөрүлөрүн айтты.

Жалпысынан республика боюнча 700дөн ашуун байланыш жана радио жаатында лицензия берилген. Бул тууралуу Эшмамбет Аматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган комитет радионун ички продукциясына киришпейт. Бул жаатты Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көзөмөлдөйт.

"Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети радиотолкун берүү саясатын жүргүзүп, аны сатып алып иштеткен ишкерлерге, мамлекеттик мекемелерге техникалык жактан шарт түзүүгө аракеттенет. Ал эми радиостанциялардын чыгарган продукциясына кирише албайбыз. Мурда бул жаатта көйгөйлөр бар болчу. Учурда санариптештирүүгө байланыштуу бир топ маселелер чечилди. Айта кетсек, азыр радиолор спутник аркылуу оңой эле башка мамлекеттерге да чыга алышат. Башкача айтканда, техникаң болсо чек жок болуп калды. Учурда жалпысынан өлкөдө 30дай радио өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Ал эми радиотолкундан колдонууга өлкө боюнча 700дөй компания лицензия алган. Аларга интернет тармагындагы мобилдик байланыштар да кирет. Лицензия алуу ачык аукцион аркылуу ишке ашат", — деди Аматов.

Аткаминер аталган комитет тиешелүү лицензияларды алган ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө ар дайым кызыкдар экендигин кошумчалады.

Тема боюнча

Аматов: катталган телефон жоголсо таап алса болот
Белгилер:
комитет, лицензия, Эшмамбет Аматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ