01:36 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын ташуу жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жээнбекова: таңгактар үчүн чектелген сумма 500 еврону түзөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
8210

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын ташуу жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова посылка бүткүл дүйнөлүк почта союзунун талаптарына ылайык кабыл алынарын айтты.

"Кыргыз почтасы" аркылуу жиберилген таңгактардын чектелген суммасы Кыргызстан Бажы союзуна киргенге чейин 1000 еврону түзчү. Ал эми азыркы учурда бул каражат эки эсе азайган. Бул тууралуу Мимоза Жээнбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, посылканы кабыл алууда кандай товар, канча салмакта, баасы канча экени сыяктуу керектүү маалыматтардын баары каралат.

"Биз таңгактарды, майда баштыктарды кабыл алууда дүйнөлүк почта союзунун талаптарына ылайык жиберебиз. Ал жакка кандай товар, баасы канча, салмагы канча экени сыяктуу керектүү маалыматтардын баары каралып, жазылат. Бекитилген нормага ылайык, таңгактын ичиндеги нерселер чектелген суммадан ашпаса, чет жакка чыгарылат. Башка өлкөдөн келген таңгактар да ушул эле тартипте иш алып барат. Чектелген сумма Кыргызстан Бажы союзуна киргенге чейин 1000 евро болсо, учурда 500 еврону түзөт", — деди Жээнбекова.

Ал ошондой эле таңгактарды алууда Бажы кызматынын талаптары да эске алына турганын кошумчалады.

Тема боюнча

"Түндүкэлектр" Бишкектеги 7 миңге жакын абоненттин жарыгын өчүрөт
Белгилер:
сумма, таңгак, "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы

ЭҢ МААНИЛҮҮ