21:51 21 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.8618
  • RUB1.0823
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов
© Sputnik / Асель Акматалиева

Эргешов: түйшүгү жок сапарда орозо кармай берген дурус

Радио
Кыскача шилтеме алуу
118 0 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов "Кимдер орозо тутпай койсо болот?" деген суроого жооп берди.

Алыскы жолго чыккан жолоочуга орозо тутпай коюуга уруксат берилет. Бирок эгер сапардын оорчулугу, түйшүгү жок болсо, орозону улантып кармай берген дурус. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү адамдар орозону кармабай койсо болот.

"Орозодон кош бойлуулар, бала эмизгендер, оорукчан адамдар, жолоочулар, аялзатынын этек кири келген маалда жана кары-картаңдар бошотулат. 80-90 жаштагы карылар оорусу айкын билинбесе да, ден соолугун алсыздатып албашы керек. Биринчи орунда ден соолук турат. Мындан тышкары, адам сапар тарткан учурда чарчап, чаалыгып, энергия жумшабаса, жол жүрүүнүн түйшүгү жок болсо, анда орозосун улантып кармай берсе болот", — деди Эргешов.

Ал орозо маалында сыркоолоп калгандар ден соолугун чыңдагандан кийин орозо тутса болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Муфтият быйылкы битир-садаганын баасын бекитти
Белгилер:
мусулман, дин, орозо

ЭҢ МААНИЛҮҮ