00:42 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейинин жетекчиси Сейитгазы Сагынбаев
© Sputnik / Асель Акматалиева

Сагынбаев: зоомузейдеги эң эски экспонатка 60 жыл толду

Радио
Кыскача шилтеме алуу
38 0 0

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоологиялык музейинин жетекчиси Сейитгазы Сагынбаев музей эки бөлүмдөн турарын айтты.

Алгач аймактык тарых жана табият музейи деп эки бөлүктөн турган музей 1926-жылы түзүлгөн. 1946-жылы андан табият музейи бөлүнүп чыгып, зоологиялык музей аталып илимдер академиясына өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу Сейитгазы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда музей омурткалуулар жана омурткасыз жаныбарлардан түзүлгөн эки бөлүктөн турат.

"Музейде омурткасыз жаныбарлардын экспонаттарынын саны 2000-3000ге чукул. Ал эми омурткалуулар жетишсиз десек болот. Республика боюнча сүт эмүүчүлөрдүн 84 түрү кездешип, алардын 23ү кызыл китепке кирген жаныбарлар. Учурда алардан 40ка чукул гана экспонат бар. Канаттуулардын 400гө жакын түрү болсо, кызыл китепке 57си кирген. Алардан болгону 20га жакыны биздин музейге коюлган. Кескелдирик, жыландардын жалпысынан 39 түрүн өлкө аймагынан кездештирсе болот. Алардын жетөө кызыл китепке кирип, коргоого алынган. Аталган музейде алардын бирин да кезиктирүүгө мүмкүн эмес. Кызыл китепке кирген жаныбарлардан экспонат жасап коюу көйгөйлүү маселе. Андыктан колубузда барын сактоого аргасызбыз. Музейдеги эң эски экспонатка 60 жыл толду", — деди Сагынбаев.

Ал музейде билет саткан адисти кошкондо болгону төрт киши иштегендиктен илимий изилдөө иштери жасалбай жаткандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Сагынбаев: зоомузейдеги кызматкерлердин айлыгы 4 миң сомдон ашпайт
Белгилер:
музей, көйгөй, илим, экспонат

ЭҢ МААНИЛҮҮ