Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишенапысова: Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азаюуда

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, 2019-жылы кызамык менен ооругандардын саны үч эсе өскөнүн айтты.
Ишенапысова: Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азаюуда

Кыргызстанда калктын 90 пайыздан ашууну 2001, 2011 жана 2015-жылдары кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөндүктөн, акыркы жылдары аталган илдет менен ооругандардын саны кыскарды. Бул тууралуу Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда кызамык илдетине чалдыккандардын 50 пайызы — бир жаштан төрт жашка чейинки балдар. Алар кызамыкка каршы бир гана жолу эмдөөдөн өтүшөт. Ал эми калгандары эмдөөдөн баш тарткандар.

"Дүйнөлүк статистикага таянсак, 2018-жылы кызамык илдетине чалдыккандардын саны 85 миң кишини түзгөн. Ал эми 2019-жылдын апрель айына чейин бул оору менен ооругандардын саны 112 миңге жетти. Илдет көбүн эсе Украина, Грузия, Россия, Казакстан өңдүү өлкөлөрдө катталууда. Ал эми Кыргызстанда кызамык менен бир жаштан төрт жашка чейинки балдар ооруп жатат. Быйыл Кыргызстанда мурунку жылдарга салыштырмалуу кызамык менен ооругандардын саны азаюуда. Бул 2001, 2011 жана 2015-жылдары кызамыкка каршы уюштурулган атайын иш-чаралардын натыйжасы болууда", — деди Ишенапысова.

Ошондой эле ал эмдөөдөн баш тарткан жарандар жана баласын эмдетпеген ата-энелер оорунун жайылышына себепкер болсо жоопко тартылаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0