Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис мол түшүм алуунун сырларын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт в сельскохозяйственном направлении Дария Тогузбаева
Эксперт в сельскохозяйственном направлении Дария Тогузбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба багытындагы эксперт Дария Тогузбаева ар бир өсүмдүктүн өзүнүн белгиленген түшүмдүүлүгү болорун айтты.
Адис мол түшүм алуунун сырларын айтып берди

Дыйкан түшүмдү мол алышы үчүн алгач айдоо жерин асылдандырганды унутпашы керек. Мындан сырткары, ошол жылдагы аба ырайы да чоң мааниге ээ. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бардык өсүмдүктөр эле бирдей нымдуулуктагы топуракта өнүп чыга бербейт. Мисалы, картошканын тамыры абдан сезгич келгендиктен, аны топурак сегиз градус жылымайын отургузбай туруу зарыл.

"Түшүмдүүлүктү арттырууда дыйкан жерди семиртүү, убагында сугаруу, урукту туура себүү, көчөттү өз маалында отургузуу жана азыктандыруудан сырткары да жерди алмаштырып турууну унутпашы зарыл. Бир аянтка быйыл картошка эккен болсоңуз, кийинки жылы башка нерсе отургузуңуз. Мындай жол менен түшүм мол болуп, жер да эс алат. Ошондой эле тигилген өсүмдүктөрдүн ырааттуулугуна да көңүл буруу керек. Мисалы, буудай, жүгөрү жана жашылча-жемиштерди бир катарга отургузуп коюу болбойт", — деди Тогузбаева.

Ал ошондой эле колдонулуучу техникага да дыкат көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0