Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Койчубаков: Бишкектеги коомдук автобустар бир түскө боелот

© Sputnik / Табылды КадырбековКруглый стол "Как мэрия будет решать проблемы транспорта в Бишкеке"
Круглый стол Как мэрия будет решать проблемы транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков мындан ары коомдук автобустарга жарнама чапталбай тургандыгын айтты.
Койчубаков: Бишкектеги коомдук автобустар бир түскө боелот

Коомдук транспорттордун сыртына ар кандай продукциялардын жарнамасын чаптоого буга чейин уруксат берилип келген. Эми ага тыюу салынды. Бул тууралуу Нурлан Койчубаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында эл ташыган каттамдардагы автобуска чапталган жарнамалардын мөөнөтү апрель айы менен соңуна чыкты, мындан ары узартылбайт.

"Коомдук транспортторго ар кандай жарнамалардын жабыштырылышына мен шаар тургуну катары да каршымын. Тилекке каршы, буга чейин уруксат берилип келген экен, жетекчиликке келгени буга тыюу салдым. Албетте, ал жарнамаларга акча төлөнчү. Каражат шаар мэриясынын казынасына түшчү. Бирок бул кадамдар калаанын эстетикалык көрүнүшүн бузуп жатат. Апрель айы менен жаранамалардын келишимде көрсөтүлгөн убактысы аяктады. Биз мындан ары узартпайбыз. Автобустарды бир түскө боеп, сыртына эле эмес, ичине да жарнамалык кагаздарды жабыштырууга тыюу салабыз", — деди аткаминер.

Ал ошондой эле жүргүнчүлөрдү коомдук транспорттогу тазалыкты сактоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0