Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: орозо тутуу — ден соолукка пайдалуу

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаведующий отделом образования ДУМК Акимжан Эргешов
Заведующий отделом образования ДУМК Акимжан Эргешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов орозо тутуунун ден соолукка тийгизген таасири тууралуу айтып берди.
Эргешов: орозо тутуу — ден соолукка пайдалуу

Орозо туткан учурда адамдын организми тазаланып, бир катар органдары эс алат. Мындай пикирин Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

"Орозо айында адамдын бир катар органдары эс алат, ага кошумча, бир жыл бою иштеген ашказанга тыныгуу болот. Жыйынтыгында органдар жакшы иштей баштайт. Баарыбызга белгилүү болгондой, кыймылдын аздыгынан жана азык-заттардын сапаты начарлап бараткандыктан, ар кандай оорулар көбөйүүдө. Ал эми орозо маалында күн тийгенден күн батканга чейин адам тамак жебегендиктен, организм иштебей турган белокторду чыгарат. Бирок орозону биринчи орунда ден соолук үчүн эмес, соопчулук үчүн тутуу керек", — деди Эргешов.

Ал Орозо айында терс иш-аракеттерди жасабаш керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Орозо айынын болжолдуу башталышы Аалымдар кеңешинин алдын ала чечимине ылайык, 6-май деп айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0