Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошбаев: жарандардын көңүл коштугунан улам сууга чөккөн учурлар арбып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКруглый стол "В КР все чаще тонут люди — что предпримут власти?"
Круглый стол В КР все чаще тонут люди — что предпримут власти? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Авариялык куткаруу иш-чараларын өткөрүү жана жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Рыспек Жолдошбаев акыркы бир ай аралыгында сууга чөккөндөрдүн саны кескин көбөйгөндүгүн айтты.
Жолдошбаев: жарандардын көңүл коштугунан улам сууга чөккөн учурлар арбып жатат

Жарандардын этиятсыздыгынан жана көңүл коштугунан улам агын сууга чөгүү фактылары көп катталууда. Бул тууралуу Рыспек Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" берүүсүндө маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сууга чөккөндөрдүн басымдуу бөлүгүн жаш балдар түзүүдө.

"Акыркы бир ай аралыгында сууга чөккөндөрдүн саны кескин өсүп, төрт айда 13 киши көз жумду. Бул жарандардын этиятсыздыгы менен кайдыгер мамилесинен болууда. Сууга чөккөндөрдүн басымдуу бөлүгүн бөбөктөр түзүп жатат. Себеби аларды ата-энелери кароосуз калтыргандыктан агып кеткен учурлар көп. Андан сырткары, боюн сууга таштагандар да бар. Мындай көрүнүш жарандардын тийиштүү деңгээлде маалымдалбагандыгынан жана коопсуздук эрежелери сакталбагандыгынан кабар берет. Азыркы учурда суу кирип дарыя жана каналдарда нугунан көтөрүлүп жатат. Мындан улам жарандарыбызды этият болууга жана кичине балдарды кароосуз калтырбоого чакырам ", — деди Жолдошбаев.

Ошондой эле ал суу сактагычтарга, каналдарга жана табигый көлмөлөргө сууга түшүүгө болбой тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0