Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Малабек уулу: интернет-банкингди колдонуу убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт

© Sputnik / Асель АкматалиеваРегиональный руководитель одного из коммерческих банков КР Мирлан Малайбек уулу
Региональный руководитель одного из коммерческих банков КР Мирлан Малайбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы коммерциялык банктардын биринин аймактагы бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Малабек уулу алардын тармагындагы кайсы кызматтарды интернет-банкинг аркылуу ишке ашырса болорун айтып берди.
Малабек уулу: интернет-банкингди колдонуу убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт

Интернет-банкингдин биринчи артыкчылыгы жуманын жети күнүндө 24 саат бою кардар өзүнө ыңгайлуу учурда эсебиндеги каражатты колдоно алат. Бул тууралуу Мирлан Малабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган кызмат жеткиликтүүлүгү гана эмес, банктык эсепти колдонууда коопсуздугу менен да ыңгайлуу.

"Интернет-банкинг аркылуу кайсы гана банкта эсебиңиз болбосун, үйдө отуруп алып эле акчаңызды которо аласыз. Аталган кызматтын эки түрү бар. Кароо режими жана толук режим. Өзүңүзгө ыңгайлуусун тандап алсаңыз болот. Кароо режиминде эмгек акыңыздын келип түшкөндүгү тууралуу маалымат алып, кайсы жерде, канча төлөм жүргүзгөндүгүңүз жана акча которууларыңыздан кабардар болуп, көзөмөл кыла аласыз. Толук режимде ушул банкта эсеби бар жакыныңызга акча которуп, андан сырткары, "клиринг", "сквирт", "гросс" сырткы акча которууларын да жүргүзүү мүмкүнчүлүгүңүз бар. Интернет-банкинг кызматынан колдонууда анын коопсуздугунан сарсанаа болбой эле койгонуңуз туура. Программа бардык тарабынан корголгон", — деди Малабек уулу.

Маектеш интернет-банкинг убакытты үнөмдөй турган жакшы ыкмалардын бири экендигин да баса белгиледи.

Ал интернет-банкингден колдонуу үчүн смартфон же компьютерди интернет желесине туташтырыш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0